歌詞

Жайдын толук кезинде
Адырлуу тоонун бетинде
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн
Жайдары селки эсимде
Өзүмдү сага берем деп
Өмүрдүн гүлүн терем деп
Сүйлөшкөн күндөр эсимде
Турмуштун сырын тереңдеп
Атыңды ойлоп андагы
Көңүлүм сенден калбады
Азыркы шайыр жаштардын
Өзүңдөй болсун алганы
Written by: Атай Огонбаев, Турусбеков Жусуп
instagramSharePathic_arrow_out