積分
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Бегиш
Künstler:in
Баястан
Künstler:in
G-VOO
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Азамат Закиров
Komponist:in
Бегалы Белекбаев
Songwriter:in
歌詞
Апам жапкан нанды сагынам (сагынам)
Кылгым келет аракетти келген алыман
Апам үчүн, даяр күчүм баарына (баарына)
Атакем да ар дайым бар анын жанында
Асыл затым - энекем, ордуна жан эч табылбас берекем (жок, жок, жок)
Жарыктыкта ойлонгону анын жалгыз
Үмүттөнгөн наристеси - мен экем
Кучагыма алгым келет бекем (бекем)
Бейиш эне таманында экен (чын)
Ар бир сулуу кыз ал даражага жетет (жетет)
Урпак улап бул өмүргө ийиз калтырып кетет (оу)
Апам мага жаман жолдо жүрбө дейт (жүрбө дейт)
Бирөө кулап калса: "Көтөрүп кой, күлбө" - дейт
Кечикпе, эшикте көпкө жүрбө дейт
Билгин анын сөздөрүнө дүйнө тең келбейт
Ооба мен угам сөздөрүн
Калам өзгөрүп анын жанында
Апакемдин жаны канымда
Сүйүнткүм келет бул дүйнөдө барында
Эч таарынтпай өзү жаш убагында
Мен үчүн жаш апам элүүдөн ашкан курагында (ооба)
Апам курамында (ууу)
Бар үчүн ал адам мен бул жерде турамын да (чын)
Апам менин атакемдин сүйгөнү
Апам барда, жарык чырак үйдөгү
Чогу жашап бир өмүрдү бөлүшүп биз
Ичиндебиз тегеренген дүйнөнүн
Алыс болсом сагынамын күлгөнүн (күлгөнүн)
Жан берген ак сүтүн, уйкусуз түндөрүн (түндөрүн)
Актай албайм (жок), арнасам да
Терип келип бүт аламдын гүлдөрүн
Апам мага жаман жолдо жүрбө дейт
Бирөө кулап калса: "Көтөрүп кой, күлбө" - дейт
Кечикпе, эшикте көпкө жүрбө дейт
Билгин анын сөздөрүнө дүйнө тең келбейт
Арнаймын бардык эне затына
Өз балдарынын атынан
Сактасын көңүлүн алып жакындар
Деген сунушум бар катымда
Арнаймын бардык эне затына
Өз балдарынын атынан
Сактасын көңүлүн алып жакындар
Деген сунушум бар катымда
Апаке жашаңыз өмүрдүн гүлү болуп
Сөзүңүз көңүлдүн үнү болсун
Алыста болсом ойлоймун түнү бою
Билемин сиздин да менде оюңуз
Апаке жылмайып коюңуз!
Апаке жылмайып коюңуз!
Апаке жылмайып коюңуз!
Апаке жылмайып коюңуз!
Апаке жылмайып коюңуз!
Апаке жылмайып коюңуз!
Апаке жылмайып коюңуз!
Апаке жылмайып коюңуз!
(Апам мага жаман жолдо жүрбө дейт)
(Бирөө кулап калса: "Көтөрүп кой, күлбө" - дейт)
(Кечикпе, эшикте көпкө жүрбө дейт)
(Билгин анын сөздөрүнө дүйнө тең келбейт)
Written by: Азамат Закиров, Бегалы Белекбаев