歌詞

Табышмак сындуу таанышсак сулуу тилегим жалгыз
Таанышсак сулуу дарегиң издеп
Сураган жанмын дүйнөмдү бүтүн
Сен уялап алдың
Күлкүң сүйкүм өзгөчө угулат
Күнүм сүйүм бир сага сунулат
Жүрүктө чымырап жүргөнүң башкача
Жомокто туйлап сен деп келсем
Төгүлгөн нурда көркөмүн сунган
Көздөрүм тартат көл болуп турган
Көл болуп турган
Ал кыз сулуу перидей
Аны менен бирге жүрүүдөн эринбейм
Жүрөгүмдүн бөлүгүндөй көрөм теңимдей
Бир болобуз айрылууга биз жеңилбей
Биздин сүйүү дайым ысык
Биз экөөбүз бирге бийлеп жайы кышы
Белинен карман жан дүйнөмө бекем кысып
Жыпар жытуу жүрөгүмдүн айы кышы
Айы кышы
Сага махабатым белек, өмүрүм сага берем
Мага сылык сөзүң менен нурлуу көзүм берем
Көңүлүмдүн ачкычын ал алыс катып берем
Сен үчүн мен дүйнөдөгү кооз гүлдөрдү терем
Төгүлгөн нурда көркөмүн сунган
Көздөрүм тартат көл болуп турган
Көл болуп турган
Written by: Ботоканов Баястан, Нурмат Садыров
instagramSharePathic_arrow_out