類似的歌曲
積分
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Мирбек Атабеков
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Мирбек Атабеков
Komponist:in
歌詞
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде
Асманга ак шумкаарлар учкан кезде
Саамайларын сеңселткен аккайыңдар
Самашып сагынычымды
Самашып сагынычымды уккан кезде, барам сага
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз
Көп күндөр арабыздан
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, барам сага
Ширесин карагатар чачкан кезде
Ажарын жоогазындар ачкан кезде
Кучактап бийик учуруп түн куйунун
Күн нуру уясына
Күн нуру уясына баткан кезде, барам сага
Гүлдөргө аарылары конгон кезде
Бал чөбү ой алманын соргон кезде
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей
Алтын ай асмандагы
Алтын ай асмандагы толгон кезде, барам сага
Ай барам сага
Written by: Мирбек Атабеков