音樂影片

收錄於

積分

AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Тата Улан
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Тата Улан
Songwriter:in

歌詞

Бир баарада баары барбы шаардын баары колдо Атасынын машинеси фаат фаат жолдо Учуп жүрөт иш кылгансып чаң сапырып күчөтүп Урган жок дегенсип асылганды кекетип Толо толо калп достору кана мени макта Капчыгында кысылышат сатып алчу акча Диско клубда шаадырашып шайтан үйү Бир бирине сүрүлүшүп түшүнүгү сүйүү Төштү ачып кыска кийип жаарнактай чакырып Жигиттердин көңүлүнө дене менен жагынып Мен балдарды жактабаймын Айтып жатам күйүп Канча деген карындаштар алданышат сүйүп Современный деп айтышат Кыргызчасы заманбап Сен ал үйдө таза болсоң келбетиңе жарашат Терс түшүнүп батыш жактан бекем сиңип калды го Улутуңдун жоголушу тил чайналып чалды го Ай, Кыргыздар ойгонгула камчылата салса Канча деген кыз жигиттер тамтырашат орусча 20 жылда эмне берди мамлекет балдарга Билим сатып бизнес кылды билими талаада Кыргыз тилде так сүйлөсө баары аны мырк дейт Орус тилин түшүнбөсө жабылышып мырк дейт Терең ойлоп көргөнүмдө неге мындай басынтат Өз жеринде эне тилди кемсинтип жатышат Шаарда өсүп кыргыз тилди билбейсиңби мырк дейм Калпак кийгенден уялып тартынасың мырк дейм Манас ата ким экенин билбейсиңби мырк дейм Чоң апаны бабушка деп айткандарды мырк дейм Ичим күйгөн ойлорумда күндө көргөн күнүмдүк Көкүрөктө кызыл жүрөк тилиме кылат үстөмдүк Мен кайдыгер боло албайм жамынгансып чүмбөткө Элим кайда баратканы кантип сыят жүрөккө Кыргызыма не керек Мусулмансың дин керек Кыргызыма не керек Таза кыргыз тил керек Кыргызыма не керек Өзөк керек күч керек Кыргызыма не керек Чындык керек ак керек Сен тазасың мен таза Кир жолобойт жаныңа Андай болсо каныңда Таза болот тагың да Андай болсо балаңдын Келечеги колуңда Андай болсо кыргыздын Келечеги балаңда Элди каргап жасалганбы аянттагы эстелик Кыргыздарга дал келбеген терс көрүнгөн эркиндик АКШнын эркиндиги биздикинен ыймандуу Оң колуна отту кармап этек башы жабылуу Кыргыз кыздар бузулсун деп курулганбы эркиндик Канаттуу бир сойку кызды элден бийик секиртти Сол колуна түндүк кармап чачын кыска кыскартып Таштан чегип жылбас кылып үлгү кылып каратты Эми жаштар кылганына кантип капа бололу Элибиздин символдору бузукулук жолдобу Бүт жагынан карап көрсөң элге чоочун саясат Гезит бетин ачып көрсөң көзүң качып уялат Жыныстык катнашка чейин жазып жүргөн катмарлар Келечекке балта чаап акча үчүн жазгандар Сыналгынын төмөн жагы акча үчүн смс Секс деген жаш балдарын бузулганы кеп эмес Акча үчүн баарын сатты ар бир уят намысты Ак караны билбей калдык туурап жатып батышты Түгөндүбү аксакалдар аксакалын жайкалткан Ак ишине ак сөзүнө элди тартып сактаган Хиджаб кийген кыргыз кызга жабылды го коомчулук Кыргыз мындай кийим келчи далил кылды коомчулук Андай кыздар саналуу эле ыйман жолун жолдогон Чүмкөнгөн шайтандан бир уят сыйын коргогон Андай болсо не дудуксуң калыс айткан көпчүлүк Кыргыз кыздар кийим чечти шыйрак төштү көргөзүп Бир чүмкөнгөн кыргыз кызың коргойт кыргыз намысты Бир жылаңач тентек кызың уят кылат кыргызды Бул ыйымды койбойт эми радиодон теледен Себеби айттым мен чындыкты чөгүп жаткан кемеден Келечекти ойлобосоң анда адам ким элең Сени ойлогон бул жашоодо жалгыз Кудай, бир энең Кыргызыма не керек Мусулмансың дин керек Кыргызыма не керек Таза кыргыз тил керек Кыргызыма не керек Өзөк керек күч керек Кыргызыма не керек Чындык керек ак керек Сен тазасың сен таза Кир жолобойт жаныңа Андай болсо каныңда таза болот тагың да Андай болсо балаңдын келечеги колуңда Андай болсо кыргыздын келечеги балаңда!!!
Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out