歌詞

Каректен кетпей элесиң Адамзат башын ийген эле Төгүлүп биздей мөмөсү Арнаган жары, дүйнө эли Ажайып белек берели Ала-Тоо гүлүн терели Төгүлүп күндөй мээрими Ардактап дайым келели Ырыскы-таалай, жалпыга каалайм Амандык тилек айтылып келет далай Энекебай, көп жаша Жанда жүргөнүң береке Сага болоюн көлөкө Жаралган жалын жүрөктөн Аруу тилектен Ырымды ушул кабыл алгын, энеке Боройлоп турмуш кыш болсо Жалындап оттой жагылган – эне Тирүүлүк эгер куш болсо Канаты болуп кагылган – эне Өмүрдүн болуп тиреги Дүйнөгө тынчтык тилеги Эң назик эне жүрөгү Оорутпай аны жүрөлү Жылдызды карай, канатты самай Кайталап ырдай берем мен уктабай Энекебай, көп жаша Жанда жүргөнүң береке Сага болоюн көлөкө Жаралган жалын жүрөктөн Аруу тилектен Ырымды ушул кабыл алгын, энеке
Lyrics powered by www.musixmatch.com
instagramSharePathic_arrow_out