類似的歌曲
積分
AUSFÜHRENDE KÜNSTLER:INNEN
Алмаз Шаадаев
Künstler:in
KOMPOSITION UND LIEDTEXT
Т. Аманов
Komponist:in
Шайлообек Дуйшеев
Songwriter:in
歌詞
Коңшулаш айылдан кезиккен
Коңгуроо үнүңдү эшиткем
Корооңо кире албай коштошуп
Кол булгап калчу элем эшиктен
Корооңо кире албай коштошуп
Кол булгап калчу элем эшиктен
Агымын турмуштун кече элек
Анда сен кыз элең секелек
Кош булак өңдөнүп экөөбүз
Кошулуп бир аксак дечү элек
Кош булак өңдөнүп экөөбүз
Кошулуп бир аксак дечү элек
Фаридам, Фаридам
Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче
Адырдан гүл терип бергиче
Алтыным, башкага кеттиң сен
Алыстан кайрылып келгиче
Алтыным, башкага кеттиң сен
Алыстан кайрылып келгиче
Азапка бактысын байлаган
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим
Неге сен жолуктуң кайрадан?
Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим
Неге сен жолуктуң кайрадан
Фаридам, Фаридам
Балбылдап көздөрүң карагат
Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап
Бактылуу боло көр, кош эми
Балалык ак сүйүүм аманат
Бактылуу боло көр, кош эми
Балалык ак сүйүүм аманат
Lyrics powered by www.musixmatch.com