類似的歌曲
歌詞
Кеч киргенде күнүгө
Кыздар балдар үйүнө
Дайым майрам курабызда общаганын түбүндө
Ырдайбызда ойнойбуз
Ыр күлкүгө тойбойбуз
Акча келсе айылданда
Аны бирге тойлойбуз
Биз ырдасак катулап
Терезелер ачылат
Токтогондо гитарада кол чабулар шатырап
Студенттер барыбыз күлгүн курак чагыбыз
Күндөрдүн бир күнүндө да келди бизге жаңы кыз
Биз достоштук тез эле
Ыр ырдайбыз кечэде
Жаңы келген сулуу кыз да аралашпайт эч эле
Эч билгизбей бирөөгө
Жүрөк толкуп тим эле
Жаңы келген сулуунуда сүйүп калдык чын эле
Секетим секе-секетим
Сезимге козгоп келесиң
Себелеп өткөн жамгырдай
Сергитип эргүү бересиң
Кара эле кара каралдым
Кайсыл эле күнү жаралдың
Кабылдым сенин сүйүңө
Кайгыртпа мени карагым
Секетим секе-секетим
Сезимге козгоп келесиң
Себелеп өткөн жамгырдай
Сергитип эргүү бересиң
Кара эле кара каралдым
Кайсыл эле күнү жаралдың
Кабылдым сенин сүйүңө
Кайгыртпа мени карагым
Ушул түнү түшкөрдүм
Чочуп туруп өзгөрдүм
Ак сүйүмдү айтам деп та мен өзүмө сөз бердим
Кеч киргенде кайрадан шаңга толот айланам
Арабызда жаңы кызда жаркылдаган жайнаган
Ат чаптырып акылды канча ырлар жазылды
Бизге келген жаңы кызда баягыдан ачылды
Балдар андан суктанат кыздар андан кызганат
Шек алдырбай жүрөбүзда шийлекелеп чач тарап
Жүрөктөрдү эзиптир
Тагдыр өзү чечиптир
Жаңы кызды бир күнү да ала качып кетиптир
Кейип канча жаныбыз
Жок беле деп багыбыз
Колдон калган түгөйдү да бойдок калдык баарыбыз
Секетим секе-секетим
Сезимге козгоп келесиң
Себелеп өткөн жамгырдай
Сергитип эргүү бересиң
Кара эле кара каралдым
Кайсыл эле күнү жаралдың
Кабылдым сенин сүйүңө
Кайгыртпа мени карагым
Секетим секе-секетим
Сезимге козгоп келесиң
Себелеп өткөн жамгырдай
Сергитип эргүү бересиң
Кара эле кара каралдым
Кайсыл эле күнү жаралдың
Кабылдым сенин сүйүңө
Кайгыртпа мени карагым
Written by: Молдоалы Отомбаев